super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилер алынууда (фото)

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы калааны өзүм билемдик менен орнотулган объектилерден бошотууну улантып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

“Балбан-Таймаш жаңы конушунда муниципалдык жерди мыйзамсыз басып алуу токтотулду. 7-кичи райондо "Орто-Сай" базарынын жанында күркө демонтаждалды, ошол эле жерде эки чатыр алынды.

Бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошентип башкармалыктын адиси 4-кичи районунда жыйынтык чыгарууга жетишти жана куймак сатуучу эки жеңил типтеги объект өз ыктыяры менен алынды", - деп билдирди мэрия.

Ошондой эле мэрия өзүм билемдик менен орнотулган объектилерди өз ыктыяры менен алууну суранат. Эгерде талаптар аткарылбаса башкармалык тийиштүү чараларды колдонууга аргасыз болот!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: