super.kg logo

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери каза болду

 

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, эмгек сиңирген куруучу Асад Гасанов каза болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Асад Гасанов 1942-жылы Кызыл Армиянын катарында Түндүк Кавказ фронтуна чакырылып, Краснодар жана Ставрополь аймагындагы салгылашууларга катышкан. 10-зениттик миномёттук дивизиянын составында Брянск, Карачев, Минск, Варшава шаарларын бошотууга катышкан. Улуу Жеңишти Берлинде тоскон.

Ал согушка катышкандыгы үчүн бир нече Ардак грамота менен сыйланган.

Ошондой эле пенсияга чыкканга чейин курулуш башкармалыгынын башчысы, шаардык аткаруу комитетинин капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы, Бишкек шаарынын башкы архитекторунун орун басары болуп иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Кыргыз өлкөсүндөгү азербайжандардын коомдук бирикмесинин вице-президенти болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.01.2022. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаткан жери жайлуу болсун.
Кечээ биздин абабыз дагы дүйнө салды,106 жашка чыкты эле.Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери,ардактуу аксакалыбыз эле.
Кара суу району,Тельман айылында.
Абдыкеримов Макамбай ажы.Тельман айылындагы негизги Ош-Карасуу көчөсү да абабыздын атында эле.Сарай айлдык окуругунун башчыларына рахмат көзү тириүүсүндө сыйлап,кадырлашканына.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: