super.kg logo

COVID-19: Бишкекте 18 мобилдик топ иштеп жатат

 

Бишкек шаарында мобилдик топтордун саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын медициналык жардамды уюштуруу жана электрондук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, учурда 18 бригада иштеп жатат.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 18 мобилдик бригада иштеп жатат. Биздин мобилдик тотпорго январь айынан бери 3 614 бейтапка жардам көрсөтүштү. Анын ичинен 4 миңден ашык адамдан ПЦР анализ алышты.

Акыркы суткада мобилдик топтор 419 чакырууга барышты, ошондой эле 442 адамдан ПЦР анализ алынды", - деп билдирди адис.

Ошондой эле учурда 118 чалуу-борборуна чала албай жатабыз деген кайрылуулар боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

"118 чалуу-борборунун ар бир операторуна түшкөн чалуу электрондук каттоого алынат. Январдын башынан бери, тагыраагы 16 күндүн ичинде 6 265 чалуу келип түштү. Акыркы суткада 626 чалуу болду.

118 чалуу-борборунда 8 линия иштеп жатат. Бир оператор бир күндө 100дөн ашык чалууну кабыл алып жатат. Ошондой эле бир жолку чалуу кээ бир учурларда жарым саат убакытты алышы мүмкүн. Бул учурларда линиялар бошобой, чалууларга жооп берилбей калууда. Биздин жарандардан бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз", - деп кошумчалады Шамырканова.

Буга чейин 118 чалуу-борборунун иши да күчөтүлүп, операторлордун иштөө мөөнөтү эртең мененки саат 08:00дөн кечки 22:00гө чейин узартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: