super.kg logo

"Дүкөндү талкалап кирип 491 миң сомдук зыян келтиришкен". Чүйдө уурулукка шектелгендер кармалды

 

Москва районунда уурулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 11-январда Москва районунун ички иштер бөлүмүнө белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен 1970-жылы туулган жаран кайрылган.

Анда 11-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районунун аймагында жайгашкан парфюмерия саткан дүкөнүнүн терезесин сындырып, дүкөндө жайгашкан терминалдардын бирин бузуп, андан 7500 сом өлчөмүндөгү акчаны, видео байкоо жүргүзүүчү камеранын дискин, WI-FI-роутер, дүкөндүн кассасынан 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан. Алар жабырлануучуга жалпысынан 491 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси "уурдоо" менен катталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй ОИИББинин жана Москва РИИБинин кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган О.А. жана 1995-жылы туулган С.А. кылмышка шектелип кармалган. Учурда шектүүлөр Москва РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.01.2022. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироосу женский джемпер кийип журобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: