Финляндияда коронавирусту 45 секунданын ичинде аныктай турган тестер ойлоп табышты

Маалыматка ылайык, Финляндиянын "Deep Sensing Algorithms" компаниясы адамдын чыгарган деминен коронавирусту 45 секунданын ичинде аныктаган тест үчүн жалпы европалык медициналык сертификат алды. Аппарат формасы жана функционалы жагынан алкотестерге окшош.
"Финляндиялык Deep Sensing Algorithms Ltd медициналык аппараттар компаниясы COVID-19 үчүн дүйнөдөгү биринчи ультра тез аныктоо технологиясын иштеп чыгууну аяктады. DSA BreathPass ойлоп табуусу бир мүнөткө жетпеген убакытта натыйжаларды берет, эми жалпы европалык медициналык сертификатка ээ жана жеткирүү үчүн жеткиликтүү", - деп жазылат маалыматта.
Белгиленгендей, аппаратты колдонуу оңой – адамдын аппаратка бир жолу дем алуусу жетиштүү жана 45 секунданын ичинде жыйынтык чыгат. Ошондой эле аппарат эки мүнөттөн кийин кийинки анализге даяр болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:42
2025-07-02
17:28
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.