super.kg logo

Памирдеги кыргыз: "Ооганстанда азык-түлүк кымбаттап, жашоо кыйындады. Болгон үмүтүбүз Садыр Жапаровдо"

 

Ооганстандын Памир чөлкөмүндө жашаган кыргыз боордоштор татаал климатта кыйын жашоо кечирип келет. Аталган аймакта мектеп, оорукана жок. Алар мал чарбачылыгы менен алектенип күн кечирүүдө.

Учурда боордоштор кандай күн кечирип жатышат, бийликти талибандар (ред.: Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) алган соң алардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болду деген суроо менен Памирде жашаган Рахманкул Турдахун уулуна байланышып, абалдарын сурап көрдүк.

Рахманкул Турдахун уулу Памирде телефон байланышы жок экенин айтып, учурда Искошим улусуна (ред.: Ооганстандын аймагындагы шаар) паспорт алганы келгенин айтып өттү.

"Памирде кар жааган. Бир канча кыйынчылыктар бар. Мурдагы өкмөттүн учурунда ооруп келгендерге атайын мейманканалар бар эле. Азыркы учурда алар жок. Паспорт алуу иштери дагы кыйындады.

Мурунку бийликтин учурунда окуучулар мектепке барып окушат эле. Анда деле бирде окуп, бирде окубай калышчу. Талибандар бийликти алгандан бери андай болбой жатат. Окуу улантылабы же жокпу эми көрөбүз.

Талибан Ооганстандын бүт аймактарын ээлеп алышкан. Активдүү иштери жүрүп жатат, биринчи алган күндөрү талибандардан бир нече киши комиссия болуп барышты. Элдин малынын зекетин (ред.: салык катары) жыйнап кетишкен. Бирок элге эч нерсе дешкен жок. Калп эле айткандын кереги жок, зыяны тийген жок. Тилекке каршы, Ооганстандын абалы оор. Эл чочулап турат, жаз келсе күн жылып, жер жибисе дагы козголуп эки ара согуша кетишеби деп эл кабатыр.

Биз Памирден бир канча киши паспорт алалы деп келгенбиз. Бир канча үй-бүлө жакында Кыргыз өлкөсүнө барат. Бизде кымбатчылык болуп жатат. Доллардын баасы кымбаттап кетти. Жазында бир койду 8-9 миң сомго сатсак, азыр ал арзан болуп жатат.

Экинчиден, тамак-аш кымбаттап кетти. Мисалы, мурун 5 литр майды 500 рупияга алсак, азыр 1000 рупияга алып жатабыз.

Соода-сатык жагынан эч бир көйгөй жок. Бир эле көйгөй Ооганстандагы чек аралар - Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Пакистан байланыш чек аралары жабык болуп жатат. Ошол себептен тамак-аш, кийим-кече бир аз кымбат болууда. Мурда мисалы, 1-сорттогу унду 1900 же 1700гө алат элек. Азыр болсо 2400, 2500 афганига (2 миң сомдун тегереги) алып жатабыз.

Чоң Памирде 130 үй-бүлө, Кичи Памирде 140 үй-бүлө бар. Жакында бир канча үй-бүлө барат. Баргандарга көмөк болсо деп ойлойбуз. Бул жакта аз эле калдык. Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтү алып кетсин. Башка элдин көзүн карап жашап жүрөбүз. Президентибиз Садыр Жапаров бизди алып кетсин, элдин үмүтү президентте", - деп билдирди Рахманкул Турдахун уулу.

Маалымат үчүн:

Буга чейин Ооганстандагы Памир кыргыздарынын лидери (ханы) Махмуд Турдуахун уулу менен маек куруп, алыста жашап жаткан боордоштор тууралуу маалымат алганбыз.

Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы кырдаалдын жана окуялардын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда. Министрлик жаңы бийликти калктын коопсуздугун камсыздоого чакырган.

Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу кийинки жылы башталары маалымдалган.

Памирден келген кыргыздар Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылында күн кечирип келишет. Алардын учурда чакан мал чарбачылыгы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
21.01.2022. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда дагы жашоо жыргал эмес, бизге караганда афганистанда арзанчылык экен. Бизде бүт нерсе кымбаттап кетти. Бензинди дагы көтөрөбүз деп жатат. Кыскасы жашоо кыйындашып кетти. Жумуш жок.
21.01.2022. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шарият менен Ооганда жыргабайсынар. Динчил талибтер динди жамынып алып, динди шылтоо кылып аялдарды өздөрүнүн малайы кылып алышты. Мындай ашынган исламчыл, сокур фанаттар өлкөгө эч жакшылык алып келбейт.
21.01.2022. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асман шаарын куруп, Памирдегилерди алып келип жашатып коюш керек.
21.01.2022. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
TIMON_BERKOWITZ,булардын эмне ашыкча жери барбы чек арага жакын жерлерге жашатуу керек мына тажикстандан и озбекстандан келген этнолорду дагы ошол Баткенге жашатуу керек
21.01.2022. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bayern-munchen,эмне Баткен эле чектешиппи чет эл менен,
21.01.2022. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оппо ушулар дагы тажатты
21.01.2022. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишенсен алтыным бизде да кымбатчылык,биз да кыйын жашоодо жашап жатабыз, кымбатчылык,оору,баары кыйын
21.01.2022. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балчайып отурбай окушса болмок , билим илим изилдеп СЫРТКА чыкса болмок .Дүнүйөнү өтө кичине көрөбүз да .Анан бир адамдан үмүттөнүп олтура беребиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: