super.kg logo

Ош шаарында борбордук көчөлөрдөгү тротуарларды реконструкциялоо боюнча ири иштер башталат

 
Бүгүн, 20-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов борбордук көчөлөрдөгү тротуарлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мэр атайын кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Касымбеков, Авиценна, Раззаков, Масалиев, Ленин, Айтиев, Вахапов, Мамыров, Осмонов көчөлөрүн жөө кыдырып, тротуарлардын абалын текшерди.
Кыдыруунун жүрүшүндө Мамбетов тиешелүү кызматтардын жетекчилерине борбордук көчөлөрдөгү тротуарларга өзгөчө көңүл бурууга чакырып, иретке келтирүү иштерин баштоо тапшырмасын берди. Айрыкча Айтиев, Мамыров, Авиценна көчөлөрүндөгү тротуарларга басым жасалды. Мындан сырткары тротуары жок жерлерге жаңы курууну колго алууну тапшырды. Ал эми Раззаков, Масалиев көчөлөрүнүн ички бөлүктөрүнө асфальт төшөө айтылды. Ошондой эле мыйзамсыз соода түйүндөрүн, тепкичтерди алып салуу, жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылына тоскоол болгон жарнак мамычаларын жана башка объекттерди нормага ылайыктоо талабы коюлду.
Муниципалдык аймактык башкармалыктарга негизги көчөлөрдүн тротуарларындагы иретсиз соода түйүндөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү белгиленди. Аны менен катар буга чейинки шаардыктар менен болгон жолугушууда айтылгандарды эске алып жаңы аялдамаларды куруу жана эскилиги жеткен, абалы начарларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча иш алып барууну кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: