Маданият министрлиги: "Бишкектеги Илья Терентьевдин үйү реконструкцияланат"





Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен К.Жакыпов атындагы паркта жайгашкан Илья Терентьевдин үйүнүн аймагында "Кыргыз реставрация" илим-изилдөө долбоорлоо институтунун жетекчиси Жумамедель Жумабаев, “Дордой” ассоциациясынын өкүлдөрү жана тиешелүү адистер катышкан көчмө жыйын өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Илья Терентьев жашаган үйдүн кайрадан калыбына келтирүү боюнча даярдалган долбоору сунушталып, жеринен талкууланды. Турак жай, кийин административдик имарат катары колдонулуп келген имарат кароосуз калып, учурдагы абалы менен шаар тургундарынын маалыматы бар.
Толук оңдоп-түзөө иштери бүткөн соң, аны кандай багытта колдунула тургандыгы тууралуу Маданият министрлиги кийинчерээк маалымат берет. “Дордой” ассоциациясынын жетекчилигинин маалыматы боюнча, оңдоо иштери жылдын аягына (болжол менен ноябрь айында) чейин бүтүрүү планы бар экендиги айтты.
Эске салсак, аталган үй XIX – XX кылымдагы Бишкек шаарындагы маанилүү жана тарыхый объектилердин бири болуп саналгандыктан, ал тарыхый-маданий эстеликтеринин Мамлекеттик тизмесине киргизилген.
Ал эми Министрликтин алдындагы «Кыргызреставрация» илим-изилдөө жана долбоорлоо институту илимий-конструктордук документацияны иштеп чыкты. Болжол менен имаратты оңдоп- түзөө иштерине 11 млн. сом акча каражаты керектелет. Ремонт иштерин “Дордой” ассоциациясы тарабынан жүргүзүү пландалууда.
Илья Федотович Терентьев 1848-жылы Ижевскиде курал устанын үй-бүлөсүндө туулган. 19-кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге уста Бишкекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. 1895-жылы И.Терентьев Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп шайланган.
Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана, бир нече мектептер жана гимназиялар, жеке темир устаканалары, наабайканалары, соода дүкөндөрү ачылган. Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаардын калкын биринчи эл каттоосу өткөн. Ошондой эле ага караштуу Карагачева токоюнун пайдубалы, Эмен паркы жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) негизделген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:05
2025-07-22

14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
XAN-TORO

21.01.2022. 02:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уста Бишкекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. Пишпекке болсо керек го дейм.
alym21

21.01.2022. 07:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай акыбалга келип талкалангыча эчким конул бурбаган экен да..
Rusbayastan

21.01.2022. 07:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мундан кыйла жакшы Ыссык кол гостиницасын бузуп салды болот эле экен го кайра жасаса.
nurgaz

21.01.2022. 08:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сүрүп салып эле ордуна башка имарат салына турган болуп калыптыр. Россияга жагынмай адатыбыз калбайт экенда
Nina.alex

21.01.2022. 10:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurgaz,тарыхты билбеген манкурт десе
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.