"800дөн ашуун соода жайы болот". Жалал-Абадда муниципалдык базардын курулушунун 70 пайызы аяктады



Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базардын курулушунун 70 пайызы аяктап калды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен Курманбек көчөсүндө реконструкцияланып жаткан муниципалдык базардын курулуш иштеринен кабар алды.
"Аталган базардын курулуш иштери 2021-жылдын октябрь айында башталган. Учурда базардагы курулуштун 70 пайызы аяктады.
Шаар башчысы муниципалдык базарды ушул жылдын апрель айында пайдаланууга берүү пландалганын белгиледи. Базардын ичинде бардык шарты менен 800дөн ашуун соода жайы болот", - деп билдиришти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.