"Жандандыруу бөлүмүндө". Алматыдагы баш аламандыкта сабалган Чолпонбек Сыдыковдун абалы
Алматыдагы баш аламандыкта сабалган Кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыковго алдын ала диагноз коюлду. Ал учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, оорукананын адистери (нейрохирург, травматолог, хирург) консилиум өткөрүп, бейтапка алдын ала диагноз коюлду.
"Ага алдын ала баш мээнин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалышы, көкүрөктүн жаракаты, бир нече кабырганын сынышы, эки буттун балтырынын сөөктөрүнүн ачык сыныктары деген диагноз коюлду. Бейтаптын абалы оор деп бааланууда. Ал жандандыруу бөлүмүнө жөнөтүлдү. Абалы жакшыра баштаганда палатага которулат.
Дагы кошумча текшерүүлөрдөн өтөт. Учурда бейтапты дарылоо иши башталды. Дарылоо мамлекеттик программанын негизинде жүргүзүлөт", - дешет маалымат кызматынан.
Чолпонбек Сыдыковду "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө пунктунан медицина кызматкерлери тосуп алып, "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкен.




1 |