Ошто октон жаракат алган 13 жаштагы баланын бүгүнкүгө карата абалы айтылды
Ошто октон жаракат алган 13 жаштагы баланын абалы айтылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 20-январь күнү саат 08:25 чамасында Ош ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын 13 жаштагы жашоочусу белгисиз ок атуучу куралдан денесине жаракат алып ооруканага түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн.
Жаракат алган бала Ош шаардык ооруканага жеткирилген. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн дарыгери тарабынан кароо жүргүзүлүп, төмөнкүдөй маалымат беришти.
"Өспүрүм 20-январда саат 08:10до Ош шаардык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө түшкөн. Анын ички органдары жабыркаган эмес, көкүрөктүн сол тарабына ок тийген. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Аң-сезими тунук, өз алдынча кыймылдайт. Жаш баланын жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык, окуя болгон жерден табылып алынган куралга, окторго жана бир даана гильзага карата соттук-дактилоскопиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.


