Орозайым Нарматованын ордун милициянын капитаны ээлеши мүмкүн
Жогорку Кеңешке Орозайым Нарматованын ордун милициянын капитаны, Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Айгүл Айдарова ээлеши мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына фракциянын депутаты Исхак Масалиев билдирди.
"Мыйзамга ылайык, бош калган мандат партиялык тизме боюнча кийинки мандатты ээлейт жана ал кеткен адам менен бирдей жыныста болушу керек. Партиянын тизмеси боюнча, Айгүл Айдарова Орозайым Нарматовадан кийин турат. Бирок ким келерин БШК чечет", - деди ал.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоону жокко чыгарган. Бул тууралуу чечим 20-январда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Бул токтомго БШКнын 10 мүчөсү "макул" деп добуш берди. Буга Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы себеп болду.














1 |