Жалал-Абаддагы эркек акушер-гинекологдун жумуштан кетүүсүн талап кылган окуя: Ал учурда ишин улантып жатат
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында эркектер топтолуп, жалпы дарыгердик практика борборунун эркек акушер-гинекологуна жумуштан кетүү талабын коюшкан. Бул факты боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облустагы координатору азыркы учурда дарыгер иштеп жатканын айтты.
"Акушер-гинеколог учурда ишин улантып жатат. Жумуштан кеткен жок. 5-6 киши кет деп койсо эле кетип калбайт. Бул окуя боюнча оорукананын директору, башкы дарыгери иш алып барууда", - деди координатор.
Белгилей кетсек, шаардын айрым тургундарынын жумуштан кет деген талабынан улам 27 жаштагы адис арыз менен милицияга кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
2

Не только гинеколог даже башка врачтар учун ал жер орган адамдын организиминин бир болугу болгондо да таатал организм.
Ишенип койгула элестетип жыргаган адамдар ал жерде эч кандай кызыга турган же куло турган нерсе жок.
Эркек кишиге жарашпаган иш, башка жагына деле иштесе болот, баары бир врач да