Бишкекте 24 мектеп карантинге жабылды
Бишкек шаарында жайгашкан 24 муниципалдык мектеп аралыктан окутуу форматына өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, карантинге жабылган мектептер 2 апта аралыктан окушат.
Онлайн окутуу режиминдеги мектептер:
Свердлов району (№4, 11, 12, 38, 67, 30, 32, 33, 52);
Биринчи Май району (№6, 18, 28, 29, 48, 70);
Октябрь району (№17, 26, 88, 62, 60, 73, 61);
Ленин району (№9,13).
№135 бала бакча (Октябрь району) карантинге жабылган.
Алгоритмге ылайык, мектепте бир адамдан коронавирус аныкталган учурда, класс онлайн окутууга жөнөтүлөт, эки же андан көп кишиден оору катталган учурда билим берүү мекемеси толугу менен карантинге жабылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
izdeim_seni

21.01.2022. 18:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапса баарын жабышпайбы? Менин эжемдердин балдары да ооруп жатат. Мугалимдери да ооруп жатыптыр. Грипп деп коюп жүрүшөт. Эмне адам өлгөндө гана чара көрүшөбү
asman.81

22.01.2022. 01:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштогу мектептерди качан жабат экен,балдар ооруп атышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.