super.kg logo

УКМК "Азия Молл" соода борборуна бомба коюлган" деп чалган адамды кармады

 

Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунан жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 20-январда "Азия Молл" соода борборунун имаратына жардыруучу зат коюлган делген маалымат түшкөндөн кийин УКМКнын кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ИИМдин кызматкерлери жана соода борбордун коопсуздук кызматы менен биргеликте соода борборунун кардарлары жана кызматкерлери эвакуацияланган.

"ИИМдин кинология кызматы тарабынан имараттын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес. Саат 19:00дө соода борборунун иши кайра жандандырылган. Ошол эле учурда жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, уюлдук номердин ээси Т.И. аттуу жаран экендиги аныкталып, бул кылмышка катыштыгы бар же жок экени такталууда. Ошондой эле окуянын башка жагдайлары териштирилүүдө", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: