super.kg logo

Кадамжай районунда жыл жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеңешме өткөрүлдү

 

Өткөн жылды жыйынтыктаган кеңешмеге президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл аймак башчылары катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Кадамжай районунун 2021-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө маселе каралды. Облус башчысынын биринчи орун басары Тулаев өз сөзүндө: "Президенттин жарлыгына ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү 50 пайыз жеңилдик менен электр энергиясы менен камсыз кылуу жана президенттин жарлыгына ылайык жер маселелерин кызыл китеби, документтештерүү иш аракеттерин ыкчам бүткөрүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүлүүсү боюнча бир катар кошумча тапшырмаларды койду. Ошондой эле Тулаев ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасына ылайык ар бир район-шаарлар жана айыл аймактарда коюлган тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө так аткара албаса тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: