super.kg logo

Акылбек Жапаров Таластагы бир катар өнөр жай жана өндүрүштүк объектилерин кыдырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Талас облусунун бир катар өнөр жай жана өндүрүштүк объектилерин кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы сүттү кайра иштетүүчү «Арашан» ишканасына, ошондой эле Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводго барды.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 100 тонна кант кызылчасын түзүп, 75 адамды жумуш менен камсыздайт.

2022-жылы заводду модернизациялоо пландалууда, андан кийин өндүрүштүк кубаттуулук суткасына 1000 тоннага чейин жогорулайт. Учурда чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Андан соң Акылбек Жапаров Талас облусунун Талас шаарындагы Р.Я Рысаков атындагы №2 орто мектебинин кошумча имаратынын капсуласын салууга катышты.

Белгилей кетсек, кошумча имарат 350 окуучулук орунга эсептелген жана 2022-жылдын III кварталына чейин бүткөрүлөт. Курулушту «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси каржылайт.

Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылындагы 275 орундуу орто мектептин имаратынын курулушуна капсула салууга катышты.

Долбоордук документация боюнча жалпы наркы 86 миллион сомдук долбоор 18 айда бүткөрүлмөкчү, анда спорт аянтчасы, өзүнчө отказан жана ашкана курулат. Долбоор Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

Жумушчу сапарынын биринчи күнүнүн соңунда Акылбек Жапаров Талас облусунун Чоң-Капка капчыгайындагы Киров суу сактагычында болуп, жаңы «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышты.

«Бала-Саруу» гидроэлектростанциясын куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турган, жылына орточо 92 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуучу ГЭСти курууну болжолдойт.

Станцияны курууга Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 22,9 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Учурда жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: