super.kg logo

Азиз Аалиев Орусиянын Керектөөчүлөрүнүн укугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын жетекчиси менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Орусиянын Керектөөчүлөрүнүн укугун жана адам бакубаттуулугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын жетекчиси, башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Анна Попова менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Азиз Аалиев Орусия тарапка Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясынын башталышынан бери коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мындан ары карай кыргыз адистерин окутуу жана алардын адискөйлүгүн жогорулатуу жана орусиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашууда, ошондой эле лабораториялардын материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын күчтөндүрүү жаатында кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.

Керектөөчүлөрдүн укугун жана адам бакубаттуулугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызмат жетекчиси Анна Попова кооптуу инфекциялардын жайылышына каршы күрөшүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда эки өлкөнүн тармактык түзүмдөрүнүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн жана келечектеги кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар калктын ден соолугун коргоо, эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана эпидемиологиялык көзөмөл тутумун чыңдоо боюнча мындан аркы кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: