"Менин атамды чыгаргыла". Журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровду колдоо митинги өтүп жатат




Оштогу колдоо митинги


Ысык-Көл, Каракол шаарындагы митинг
Бүгүн, 23-январда Бишкекте, Ошто, Ысык-Көлдө журналист Болот Темировду колдоо митинги өтүп жатат.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен.
Буга байланыштуу журналисттер, жарандык активисттер жана кайдыгер карабаган жарандар колдоо митингине чыгышты. Бишкектеги митинг Ички иштер министрлигинин алдында өтүүдө.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын көзөмөлдөө, усулдук башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингдин катышуучуларына чыгып, Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен чыгарылганын маалымдады.
Ал эми акын Болот Назаровдун кармалышын мыйзамсыз дегендер дагы митингге чыгышты. Ага акындын жакындары, үй-бүлөсү, кичинекей кызы да келгенин көрүүгө болот. Анда 5 жаштагы Мөлмөл "атамды чыгаргыла" дегенин акын Олжобай Шакирдин эфиринен көрүүгө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Чындыкты чыркыратып алып чыкса чычалап жаткан 2 дос эмеспи?!