super.kg logo

Казакстандын күч кызматкерлери тарабынан сабалган Викрам Рузахунов абалы тууралуу айтты

 

Казакстандагы баш аламандыкка катышты делинип сабалган музыкант Викрам Рузахуновго операция жасалды. Дарыгерлер ага кабыргалары сынган, баш мээси чайкалган жана башка олуттуу жаракаттарды алган деген диагноз коюшкан. Мындай маалыматты ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Өлкөгө келген күндөн бери дарыланып жатам, үч ооруканага которулдум. Ооруга, азапка чыдаганымды туугандарым, медицина кызматкерлери гана көрүштү. Ушул күнгө чейин казакстандык маалымат каражаттарынын сенсациялуу видеосу менен жасаган акылсыз аракетин түшүнгөн эмесмин. Анткени камакка алуу учурунда уюлдук телефонумду, бардык буюмдарымды, акчамды, ID-картамды, айдоочулук күбөлүгүмдү, банк картасын алышкан, кийин эч нерсе кайтарылган жок, баары табышмактуу түрдө жоголуп кетти. Азыр абалым аздыр-көптүр турукташып баратканда менин алдымда болуп жаткан окуялардын толук картинасы пайда болууда. Мени аёого чакырып жатат деп ойлобогула, суранам.

Менин билдирүүлөрүм Казакстанда дагы деле барымтада тургандар үчүн жасалды. Көпчүлүгүнүн үй-бүлөсү, балдары бар, көбү карыган ата-энелеринин, майып эже-карындаштарынын жалгыз багуучусу.

Мен дароо эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө айта кетейин, мага интервью берүүгө тыюу салынган. Ошондуктан туугандарымдын, досторумдун тынчын албаңыздар. Ыраазычылык билдирүүсүн өзүнчө жазып, аракет кылгандардын, кайдыгер карабагандардын, менин кармалышыма чын жүрөктөн тынчсыздангандардын баарын айтууга аракет кылам", - деп айтылат билдирүүсүндө.

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.01.2022. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Казак менттери зулумдук айбандык менен коп адамды майып кылып коюшту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: