super.kg logo

Токмоктогу балыктардын ылаңы эмнеден улам келип чыкканы айтылды

 

Токмоктогу балык чарбаларындагы балыктардын ылаңына бир клеткалуу мите себеп болду. Бул тууралуу ветеринар Абай Букушов маалымат жыйынында айтты.

"Негизи абал өзү жөнөкөй. Алгач анын себебин билбей жатканбыз. Бул ооруну биринчи жолу 29-декабрда байкадык. Фермерлерден балыктар өзүн жакшы сезбей, сүзө албай жатат деген чалуулар түшүп баштады. Биз фермерлерге барып изилдеп баштадык. Алдын ала диагнозу аныкталды. Анда бир клеткалуу жөнөкөй организм (мите) экени белгилүү болду. Азыркы учурда орчундуу деле көйгөйлөр жок.

Чарба курууда өзүнүн технологиясы (сууну киргизүү, чыгаруу, кислородду берүү) болот. Ошол технологияларды кармабаган чарбалар ушундай ооруга чалдыкты. 2-3 күндө чарбалар калыбына келтирилген", - деди ал.

Эске салсак, буга чейин Токмокто форелдер массалык түрдө өлүп жатат деген маалыматтар тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: