Бишкекте "Тазалык" ишканасына көчө шыпыруучу атайын техникалар берилди




Бишкек мэриясы көчө шыпыргычтардын коопсуздугу үчүн шаардын борбордук көчөлөрүн тазалоого багытталган атайын техника сатып алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 24-январда "Тазалык" муниципалдык ишканасына MEP ECOVAC үлгүсүндөгү көчө шыпыруучу үч машина тапшырылды.
"Бул долбоор сыноо этабынан өткөн соң Бишкек шаардык мэриясы мындай техникаларды көп өлчөмдө сатып ала баштайт", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле мэрия айдоочуларды жолдо ылдамдык режимин сактоого, "Тазалыктын" кызматкерлери иштеп жаткан аймактан кылдат өтүүгө чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.