super.kg logo

Опера, балет театрынын директору Керим Турапов кызматтан кетүү арызын жазды

 

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Керим Турапов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

"Керим Турапов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазыптыр. Бирок документке кол коюла элек", - дешти мекемеден.

Эске салсак:

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калган. Анда театрдын айрым артисттери коммерциялык спектаклге акы төлөнбөйт деп баш тартышкан.

Спектакль коюлбай калгандан кийин 9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришкен. Анда балетчилер Коммерциялык спектаклге катышпагандыгынын себеби бул үчүн акы төлөнбөгөнүн билдиришкен.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган театрдагы болгон жагдай боюнча атайын комиссия түзгөнү маалымдалган. Комиссиянын корутундусуна ылайык, жетекчилерге эскертүү берилип, келишимдерди жаңыдан түзүү тапшырылган.

Кийинчерээк биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков министрликтин жетекчилиги, ошондой эле театрдын жетекчилиги, артисттери менен жолугушуп, спектаклды коюудан баш тартуу себептерин талкуулаган.

1-июнь күнү 10дой артист иштен кетүү арызын жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: