"Ала-Тоо" аянтына бак-дарактарды отургузуу пландаштырылууда (сүрөт)











"Бишкек башкы архитектура" ишканасы шаардын борбордук бөлүгүн жана эски аянтты, Ч.Айтматов атындагы Эмен сейил багын, борбордук "Ала-Тоо" аянтын камтыган аймакты калыбына келтирүү боюнча бир катар эскиздерди иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган долбоорлордун максаты - калаанын эстетикалык көркөмдүгүн арттыруу.

"Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы аянт да жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайсыз транзиттик тилкеден, башка көрктөндүрүү элементтерин алмаштыруу менен мурда тосмо болгон жерлерге отургучтары бар коомдук жайга айландыруу керек.
"Ала-Тоо" аянтына бак-дарактарды отургузуп, эски фонтандарды башка, заманбап фонтандарга алмаштыруу зарыл. Ошентип аянт жылдын бардык мезгилинде жайлуу аймакка айланат.
Мындан тышкары, аянтка чоң көлөмдөгү ийне жалбырактуу дарактарды, балатыларды отургузууну сунуштайбыз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
Pchelka85

24.01.2022. 18:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликаны чакырып койгула.. ато катуу тепкиге калды 1 бак кыям деп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.