super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкекте эттин баасы кымбаттаган жок" дешти тийиштүү мекемеден

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, учурда мал арзан болгону менен эттин баасы кымбат болуп жатканын айткан.

Жогорудагы маселе боюнча Бишкек жана Чүй облусу боюнча монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Кумарбек Султангазиевге байланыштык.

"Биздин кызматкерлер аптанын ар бир 3-күнү, тагыраагы шаршембиде Бишкектеги "Ош базары", "Аламүдүн" жана "Орто-Сай" базарларында бааларга мониторинг кылышат. Өткөн шаршембиде уйдун эти 420 сомдон 480 сомго чейин сатылды. Бул баа былтыркы жылдын сентябрь, октябрь айындагы баадан айырмаланбайт. Бишкек шаары боюнча эттин баасы көтөрүлгөн жок.

Ал эми малдын баасы кескин түшүп кетти деген маалымат түшкөн жок. Бирок жем, тоют кымбат болуп жатат деген маалымат бар", - деди Султангазиев.

"Ош базарындагы" эт саткан жайга барып, бааларды сурап көрдүк. Сатуучулар эттин баасы туруктуу экендигин билдиришти.

"Уйдун этин 420 сомдон 490 сомго чейин сатып жатабыз. Кой эти 350 сомдон 450 сомго чейин болууда", - деп билдирди сатуучу Талас Оморов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.01.2022. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба кымбаттаган жок 550 сомдон эле сатылып атат. Миллионер кыргыздарга 550 сом кеппи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: