super.kg logo

Кытайлык кыргыз Жуман Мааматов: "Даараткана иштетип күнүнө 100 сом табам"

 
SUPER.KG порталынын бул жолку каарманы кытайлык кыргыз Жуман Мааматов. Ал 1958-жылы Кытайдын Кызыл-Суу автономдук облусунда туулган. Каарманыбыз Кытайдан мекенине кандай кыйынчылыктар менен кайтып келгенин, башынан өткөн оор окуясын айтып берди.

"6 жашымда ата-энемден ажырап, тайларымдын колунда мал багып чоңойдум. 20 жашымда үйлөнүп, бир баланын атасы болдум. 22 жашымда, тактап айтканда 1980-жылдын август айында күтүүсүздөн чогуу мал кайтарган досум менен Кыргыз жергесине өтөм деп, адашып Тажикстандын чек арасына кирип кетип, 17 ай түрмөдө жаттым. Ал жерден окуганды жана жазганды үйрөтүштү. Анткени кайра бир мамлекетке тыңчы катары жөнөтүүнү көздөшкөн. Эгер анте турган болушса, мен Кытайга барайын деген оюм болгон. Ал жерге баргандан кийин келбей коймокмун. Бирок Ооганстанды сунуш кылгандыктан баш тарттым. Тажикстандан мага тыңчы деген айып тагылып, 5 жылга Якутияга түрмөгө айдалдым. Бирок Кыргыз өлкөсүнө барасың деп алдап алып кетишти. Учакта 5-6 саат жол жүрдүк. Ал жерден беш жыл түрдүү кара жумуштарды жасадым. Уй саап, мал бактым. Талаадагы иштерди жасап жүрдүм.

Мөөнөтүм аяктаган соң Кыргыз жергесине келдим. Ал кезде 30 жашта элем. Бишкектин четине алып келишип, бир имаратта бир ай багышты. Бул жерден адамдар менен таанышып, курулуш тармагында иштей баштадым. Кийин тааныштарым аркылуу Таласка барып, ал жерден бир кишинин кол алдында иштедим. Элдин көмөгү менен үй салып, немис улутундагы кыз менен баш коштум. Жубайым ошол учурда эле кыргыз тилинде таза сүйлөчү. Экөөбүз балалуу болдук. Мен өлкөнүн жарандыгын алдым.

Арадан 25 жыл өткөндөн кийин үйүмдү сатып, балдарым менен Кытайга бардым. Ал жерде эжем бар эле. Бирок Кытайда калууга мүмкүн болгон жок. Жубайым немис улутунан болгондуктан кабыл алышкан жок. Көп өтпөй жубайым экөөбүз балдарыбызды алып кайра кайтып келдик. Таштап кеткен баламды таба алган жокмун. Бирок барардан мурун ал мени издеп чыгып кеткен экен. Ошо бойдон дайынсыз. Издөө программаларына чейин бердим. Бирок бүгүнкүгө чейин жыйынтык жок.

Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин Ысык-Көлдө мал багып иштедим. Жалпысынан 7 балалуу болдум. Бирок учурда 3 балам гана тирүү. Элдин жардамы менен Ивановка айылына дача салдым. Бирок учурда шаарда батирде турам. Дачаны сатып Сокулук тараптан үй алсак дейбиз. Балдарым да малдан тажаган экен. Ден соолугум начар, ишке жарабайм. Даараткананы кайтарып отуруп күнүнө 130 сом табам. 30 сому жолума кетет. Улуу балам 1996-жылы туулган. Учурда үй-бүлөлүү. Кичүү кызым 5-класста окуйт".






63 жаштагы кытайлык кыргыз: "Кытайда калган баламды таба албай келем"

Автор: Жолдубек Качкынбаев
Оператор: Нурбай Самарбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
24.01.2022. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ото окунучтуу. Аллах Таалам бактылуулук берсин.
25.01.2022. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тажик иттерден башталган экен да ошонун баары
25.01.2022. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тажиктер ото начар калк болот
25.01.2022. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Башыныз аман болсун. Ден соолугунуз чын болсун.
25.01.2022. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туулган жердин топурагы Алтын демекчы кийин кайтып барган екенда барбайле койсо баласы жоголбойт беле дайынсыз адамды кутуу оор кантседа бешенесиге ушуларды жазган екенда Аман болунуз
25.01.2022. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туалет ээси деле жок дегенде 500 с кылып койбойбу акысын. 100 с эмне болот азыркы заманда? Туалет иштеткендер шумдук табышатко
25.01.2022. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nina.alex,ошону айтам да, мен да. Тооба.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: