Жылнаама. 21-ноябрь: Бүткүл дүйнөлүк телекөрсөтүү күнү

*21-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк телекөрсөтүү күнү. Биринчи жолу бул майрам 1996-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын демилгеси менен белгиленген. Эске салсак, майрам тынчтык, коопсуздук, экономикалык жана социалдык өнүгүү, ошондой эле маданий телепрограммаларды глобалдык деңгээлде алмашууну колдоого багытталган.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
*479-жылы (1534 жыл мурун) кытай ойчулу Конфуций каза болгон. Конфуций - кытай философиясында конфуцийчилик багытына негиз салган Байыркы Кытай ойчулу. Аны кытайлык кыргыздар Куңзы деп атап коюшат. Куңзы тектүү, бирок кедейленип калган үй-бүлөдө туулган.
Өмүрүнүн көбүн Лу падышалыгында өткөргөн. Жаш кезинде чиновник болгон, кийин Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда Куңзынын санат сөздөрү, аңгемелери окутулган, жакын шакирттери топтолгон.
Куңзыны ар түрдүү эмгектердин ("Өзгөрүштөрдүн китеби", "Ырлар китеби") автору деп эсептешет, бирок анын көз караштарынын бир кыйла тагыраак булагы болуп "Аңгемелер жана ой жүгүртүүлөр" деген эмгеги саналат, мында Куңзынын жана анын шакирттеринин санат сөздөрү жазылган.
Куңзынын айткандарында мамлекеттик бийлик көйгөйү чоң орунду ээлейт. Анын пикири боюнча, башкаруучулар элдин ишенемине ээ болууга жана аны өзүлөрүнүн жеке жүрүш-турушу менен тарбиялоого тийиш, анткени мамлекетти башкаруу ишке ашырылып жаткан формалар адамдардын жана жалпы эле коомдун адеп-ахлагына таасир берет.
Куңзынын саясий программасы коомдун бардык мүчөлөрүнүн тийиштүү милдеттерин аныктоо менен чектелет. Ар бир адам коомдогу өзүнүн ордун билиши керек: "Падыша падыша, букара букара, ата ата, уул уул болууга тийиш".
Куңзы бардык чачыранды аймактарды бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүүнү жактаган. Конфуцийчиликтин идеялары Кытайдын тарыхында андан ары өнүктүрүлүп, кийин ал мамлекеттик дин катарында таанылган.
*1813-жылы (200 жыл мурун) бугу уруусунун өкүлдөрү Качыбек Шералы уулу менен Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилер Орусияга жөнөтүлгөн. Ысык-Көл өрөөнүнөн Качыбек Шералы уулу менен Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилерди бугу уруусунун бийлөөчүлөрү Орусияга жөнөтүшкөн. Алар 1814-ж. 5-январда Семейге барышып, Тобольск шаарында Батыш Сибирдин генерал-губернатору элчилерди кабыл алган. Алардын Петербургга баруу жана Орусия императоруна жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Элчилерге орус армиясынын капитаны чини берилген.
Жылнаама толугу менен бул жакта...
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
barmen

20.11.2013. 23:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо, Черикчиевага барам!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.