super.kg logo

Көк-Таштагы атышуу: Эки тараптын чек ара кызматкерлери кайрадан телефон аркылуу сүйлөштү

 

Саат 22:18де тажик тараптын демилгеси менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн Чек ара кызматы маалымдайт.

Сүйлөшүү дагы деле ок атууну токтотуу тууралуу болгон.

"Шаршеев тажик тарап ок атууну токтотпой жаткандыгын жана чек арага өздүк курамды жана оор аскердик техникаларды алып келип жаткандыгын билдирди. Саат 23:00гө карата тажик аскер кызматкерлери кыргыз аскер кызматкерлеринин жайгашкан жерин көздөй маал-маалы менен ок атып жатышат. Ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде дагы деле ок атышуу уланып жатат. Тажик аскер кызматкерлери Көчө-Бою жерлигиндеги ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери жайгашкан жакты көздөй миномёт менен атып, Кыргыз жаранынын үйү өрттөнүп кеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.01.2022. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ок атууну токтотолу деп алдына чөгөлөп баргыла, сүйлөшүп атабыз эле дейсиңер...Кана эми бир кол салса жообу катуу болот дедиңер эле,кайра эле өзүңөр чөгөлөп суранып барып жатасыңар,Бизде дээги айылдарды эвакуациялап Тажиктерге өткөрүп берип талатып тоноткондон башка жолу барбы....
28.01.2022. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Катуу жооп кылыш керек суйлошуп отурбай
28.01.2022. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шаршеев деген ачык айтып жатат тизди, атып атат деп санына чейин, ал да буйрук ту кутуп атат да Ташиев журналистерди ырчыдарды туну менен андып бошобой жатат, Жапаров телефон очуруп жатып алган окшойт блин башка эмне дейииин???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: