"Ашыкча колдонуудан улам чубалгыларга күч келүүдө". Чоң-Алайда бир күн мурда өчкөн электр жарыгы бүгүн берилет

Маалым болгондой, 27-январь күнү саат 20:25те Чоң-Алай районунун электр энергиясы менен камсыз кылган 35кВ аба чубалгысы жерге тийип электр жарыгы өчүп калган. Анын кесепетинен Чоң-Алай районунун Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Жекенди айыл өкмөттөрүндө жарык үзгүлтүккө учураган.
"Ошэлектр" ишканасынын, жогорку чыңалуу кызматынын электр куроочуларынан турган бригада, жеринде аба чубалгыларын текшерүү жана оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө. Оңдоо иштери бүткөн соң элге электр энергиясы толук берилет.
Берилген кубаттуулуктан ашыкча электр энергиясын колдонгондуктан электр чубалгыларына күч келип, жарык үзгүлтүккө учуроодо. "Ошэлектр" ишканасы абоненттерин, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат", - дешет мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.