super.kg logo

"Ата, бизди тажик атабы?". Баткендин Миң-Өрүк айылынын тургуну түндө айылдан кантип качып чыгышканын айтып берди

 

Баткен районундагы Сармаркандек айылдык аймагынын Миң-Өрүк айылынын тургуну Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган чырда үйлөрүн кантип таштап кеткени тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Биз Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында турабыз. Алгач чек арада ок атышуу орун алган учурда өз үйлөрүбүздө эле отурганбыз. Бирок айыл башчы "даярданып, абайлап" тургула деген. Бардык эркектер көчөлөрдө турушту. Биздин айылды тажиктер менен бир эле дубал тосуп турат. Анан тажиктер бизди айылды көздөй эки жолу миномёт менен атышты. Кудай сактасын, үйлөрүбүздүн эшиктери ачылып кетти. Жаш балдар ыйлап калышты. Көчөгө элдин баары чыгып, унааларга отуруп кача баштадык.

Учурда биз Бужум айылында туугандарыбыздын үйүндөбүз. Аялдар, жаш балдар айылдан чыгып кеттик. Эркек кишилер эле калышты.

Күйөөм Орусияда, 4 балам бар. Улуу балам күзүндө армиядан келген. Ал "биз чыгып кетсек ким карайт чек араны" деп калды. Балам ал жакта болсо, жүрөгүң түшөт экен.

Агамдын 4 жаштагы баласы "Ата, бизди тажик атпайбы?" деп Орусияда жүргөн атасына үн билдирүү жөнөткөнүн угуп, жүрөгүм ооруп жатат. Үнүбүздү чоңдор угуп, чек ара көйгөйүн чечип беришсе болор эле.

Азыркы учурда абал тынч", - деп билдирди атын атагысы келбеген тургун.

Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.

28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.

Ок атышуунун кесепетинен 7 Кыргыз жараны жабыркады.

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.

Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.01.2022. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канчалык тун узун болбосун тан атаары анык.Байлык менен жетпеген ийгилике сабырдуулук менен жетесинер.Чек ара маселеси да чечилет буюурса.
28.01.2022. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
muku.85,Эң туура азаматсыз
28.01.2022. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Вирус жок деп элди алдаган,Протокол тузуп тажикке жер берип элди кырып атат Мадумаров,элди алдасан да Аллахты алдай албайсын!Жооп бересин акыретте!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: