super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуу. Эки өлкөнүн ички иштер министрлери кырдаалды турукташтырууну талкуулашты

 

Кыргыз өлкөсүнүн ички иштер министри Улан Ниязбеков Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Хамро менен Баткендеги кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 27-январь күнү түн ичиндө ички иштер министри Улан Ниязбеков өзүнүн тажикстандык кесиптеши менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда Баткен облусундагы кырдаалды турукташтыруу, чек арага чектеш аймактарда коомдук тартипти калыбына келтирүү, ар кандай укук бузууларды болтурбоо, бирдиктүү күч-аракеттер менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелерин талкуулашты.

"Тараптар ар бир жарандын укугун жана коопсуздугун коргоо маселелери боюнча пикирлери менен алмашышып, коомдук тартипти сактоо маселелери боюнча бирдиктүү чечимге келишти. Андан сырткары, түнкү саат 01:00 чамасында чек арада Баткен ОИИБинин жетекчиси Мурат Боронов тажик тарап менен сүйлөшүүлөргө катышып, Согди облусунун ИИБнин башчысы Абдулло Навджувонов менен жолукту", - деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жергесинде кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн тынч өттү, кырсыктар орун алган жок, кырдаал туруктуу.

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу. Ок атышуунун кесепетинен 11 кыргыз аскери жаракат алды.

Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: