super.kg logo

Талант Мамытов: "Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.

Төмөндө Талант Мамытовдун билдирүүсү:

"Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда.

Чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт.

Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин туруктуулугу жана тынчтыгы бардыгынан бийик турат.

Бул оор күндөрү кастыкты козуткан чагымчылдыктан абайлайлы.

Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.

28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.

Ок атышуунун кесепетинен 7 Кыргыз жараны жабыркады.

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.

Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
28.01.2022. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тыкыр коз салуунун толку жок!
28.01.2022. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,Кок-Таш Эли азыркы бийликти колдойт 70%. Сураныч тоскоол болбойлу бийликке! Мен Кок-Таштан болом. Шартка байланыштуу Баткенде эмесмин! Каттуу айткан болсом кечиресиз!
28.01.2022. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткен тарап куралдуу күчтөрүбүздүн көзөмөлүндө, жөнөкөй атуулдар көт-пөт дебей жөн отуруп тургула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: