Баткендеги соңку кырдаал. Кооптуу аймактардан жалпы 11 миңден ашык адам эвакуацияланды

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан улам Баткендеги кооптуу аймактардан 11 миң 52 адам эвакуацияланды. Алардын 1 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Орук, Үч-Дөбө, Ак-Татар, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынан болжол менен 6000ге жакын тургун Рават айылына эвакуацияланды.
"Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылынан, Интернационал айылынан 1000дей жаран Кайрагач айылына көчүрүлдү. Ошондой эле Сада аймагынын, Ак-Арык айылынын жана Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана жана Сүлүктүгө эвакуацияланды.
Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды", - дешет маалымат кызматынан.
Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу. Ок атышуунун кесепетинен 11 кыргыз аскери жаракат алды.
Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:16
2025-07-22
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bratanyn

28.01.2022. 12:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш элдин ысык ордуларын суутуп дүрбөлөңгө салган тажиктерге наалат!
nurgaz

28.01.2022. 13:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенге Курсан Асановту жөнөткүлө. Күчтүү генерал.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.