super.kg logo

Күндүн сүрөтү: Интернетте жан дүйнөсүн коркунуч каптап, жуурканга жашынган балдардын сүрөтү тарады

 

Кечээ, 27-январда Кыргыз-Тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында ок атышуу башталып, жергиликтүү калк коопсуз жайга эвакуацияланган. Социалдык тармакта жан дүйнөсүн коркунуч каптап, жуурканга жашынган балдардын сүрөтү тарады.

Интернет колдонуучулары:

"Жылтыраган көзүңдөн садага болоюн. Тунук, күнөөсүз балалык. Сенин тынч уйкуңду бузган, курсак тойгузуп эртең ойнойм деген оюнчугуңдан алыстаткан тажикке Кудайым жазасын берсин!"

"Башка ишти коюп, чек ара маселесин чечкиле, бийлик! Баатыр Баткен эли, сабырдуулардын сабырдуусу. Рахмат, баатыр калкым!"

"Биз, чек арадагылар, аябай кыйналдык. Өткөн апрель айындагы ок атышуудан кийин байпактарыбызды эми чечип уктап баштадык эле. Эми кайра стресс, балдар болсо коркуп калган. Кыштын күнү балдар менен карыяларды сүйрөп алып, казанда бышкан тамагыбыз, дасторконубуз жайылган бойдон калды".

"Чек арада жашоо кыйын. Коркунуч менен жашап жатасыздар. Кудайым өзү коргоосуна алган болсун. Бийлик биринчи чек ара маселесин караштырбаса болбойт. Келип бөлүшүп, тосмо тосуп тынч жашайлы, кыргыз элим ич ара бөлүнбөйлү" деген таризде пикирлерин калтырып жаткан учуру.
Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.

28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.

Ок атышуунун кесепетинен 11 Кыргыз жараны жабыркады.

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу. Төрт-Көчө аймагында учурда абал стабилдүү. Аталган аймакта жол ачык, унаалар кадимки режимде өтүп жатат.

Баткендин Сармаркандек айылдык аймагынын Миң-Өрүк айылынын тургуну Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган чырда үйлөрүн кантип таштап кеткени тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
28.01.2022. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баткен эли биз силер менен!
28.01.2022. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жогору жактан приказ болсо,мен да колума курал кармап силерди коргонго даярмын!
28.01.2022. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психолокторду жибергиле Эми страстен чыгарышсын белектерди бергиле бобокторго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: