super.kg logo

Тамекиге каршы мыйзамды сактабаган кафелерге айып салынды

 

Тамекиге каршы мыйзамды сактабаган кафелерге айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн, никотинди колдонуунун кесепеттеринен, тамеки түтүнүнүн таасиринен жана аэрозолдон коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча рейддер жүрүүдө.

Коомдук тамактануу жайларында рейддерди акимчилик, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлору менен биргеликте жүргүзүүдө.

Комиссия тарабынан мыйзам талаптарын бузган 4 мекеме текшерилип, «Кавказский дворик» кафесине жана «Элемент» кафесине Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 84-беренесине ылайык 26 000 сом өлчөмдөгү протокол түзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: