super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуу. Тараптар жолугушту, эмнелер чечилди?

 

28-январда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара тилкесинде тараптардын жумушчу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү чечишти:

1. Тиешелүү укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын катышуусу менен чыр-чатактын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтөөнү уюштуруу боюнча биргелешкен комиссияга тапшырма берүү;

2. Жаңжалдын башталышы менен үйлөрүн таштап кеткен бардык жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылуу;

3. Аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрүн тиешелүү чек ара бөлүгүнөн чыгаруу;

4. Бардык жолдорду тосууну, бузулган инфраструктураны жана электр чубалгыларын (электр линияларын) калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

5. Тараптардын бийлик органдары келечекте чек ара, суу-жер жана башка чыр-чатактарды болтурбоо максатында чек ара зонасында тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.01.2022. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ийгилик К.Ташиев чыныгы Мекенчил Лидер
28.01.2022. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Mashyrbek, Бул куч тузумдорун бут колуна алып. Чек ара кызматы. Толук кандуу иштебей жатат. Чек араны коргоо кызматы болунущ керек. Бул жарытпады. Жэ муну тжиктер тоготсо. Бул кеткери менен эле баягы акыбал.
28.01.2022. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
bosmos77777, antiradikal3 сенсинго дейм
28.01.2022. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камчыбек ташиев мен колдойм силерди Алга ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: