super.kg logo

Сүйүнбек Касмамбетов Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу спортчу Максим Гордеевге өлкөнүн туусун тапшырды

 

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 28-январда өлкө президенти Садыр Жапаровдун атынан спортчу Максим Гордеевди алдыда Пекинде өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндарына катышуусу менен куттуктап, жылуу саламын жолдоду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал белгилегендей, мамлекет башчысы жана жалпы кыргыз эли өз олимпиада спортчусун сүрөп, Пекинде өтүүчү Кышкы оюндарда өзүнүн чеберчилигин көрсөтөт деп ишенет.

“Сиздер Кыргыз мамлекетинин туусун бийик көтөрүп, ийгилигиңиздер жалпы кыргыз элинин улуу жеңиши болот деп ишенебиз. Биз сиздин спорттук жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Президент Садыр Жапаров сиз кандай татаал жолду басып өтөрүңүздү билет жана чын жүрөктөн ийгиликке үмүттөнөт”, - деп баса белгилеген Сүйүнбек Касмамбетов Максим Гордеевдин кыялынын ишке ашуусун каалады.

Мамлекеттик катчы спортчунун машыктыруучусуна эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн татыктуу спортчуларын тарбиялоодогу аракетин белгиледи.

Өз кезегинде лыжачынын жеке жана башкы машыктыруучусу Игорь Борисов үмүтүн актап, Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүн татыктуу көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов белгилегендей, алар өз кезегинде спортчу эч нерсеге муктаж болбой, бул оюндарга толук даярдык көрүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп беришти. УОК тоо лыжачысы Максим Гордеев өзүнүн эң мыкты спорттук жыйынтыгын көрсөтөт деп үмүттөнөт.

“Кыргыз өлкөсү тоолуу өлкө жана бизде кышкы спортту өнүктүрүү үчүн бай потенциал бар. Мен жакынкы аралыкта Кышкы спорт борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап, стратегияны иштеп чыгууну жана бул үчүн инвесторлорду издөөнү баштоону, ошондой эле туристтерди тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасоону сунуштайм”, - деди ал.

Жолугушуу соңунда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов спортчу Максим Гордеевге Кыргыз Республикасынын туусун тапшырып, дагы бир жолу спортчуга ийгилик жана жаңы жеңиштерди каалады.

Белгилей кетсек, жолугушуу бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.01.2022. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик каалайлы жалгыз болсо дагы, туубусту которуп чыгат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: