super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Кечээ чек арада орун алган чырдан кийин тажик тарап сабак алат деген ойдомун"

 

Тажикстан менен болгон чыр-чатактан улам эвакуацияланган жарандар бүгүн, 28-январь күнү кечке чейин үйлөрүндө болуп калышы керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен өткөн жолугушуудан кийин билдирди.

"Чек арада кечээ чыккан чырдан кийин тажик тарап бүгүнкү жолугушуулардын жыйынтыктарын аткарат деген ойдобуз жана кечээги чырдан кийин булар сабак алып калышты го. Демек, булар аткарууга мажбур болушат деген ойдомун", - деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМКнын башчысы бүгүн, 28-январь күнү кечке чейин эвакуацияланган жарандар үйлөрүндө болуп калышы керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.

28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.

Ок атышуунун кесепетинен 7 Кыргыз жараны жабыркады.

Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.

Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(16)
28.01.2022. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сабак алабы же кучойбу
29.01.2022. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Naimankaravat,норм урон алышты бул жолу. Эми ойлонушат алдын ала. Же алар дагы куралданышат.
28.01.2022. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бизде суйлошконун сразу эле жарыялап,озуно ынгайсыздык жаратып жатабы деп ойлоп кетем...эки мамлекетин суйлошусун чечилгенде Гана жарыя кылса жакшы болмок
28.01.2022. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кыргыздар тажиктерди 2..3 км кууп кирген дейтко ошого ташиев сабак алат деген ойдомун дейт Безпилотникти иштеткен окшойт
28.01.2022. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кече котин айрып салды окшойт
28.01.2022. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Datka7777, Ким кимдин?)))
28.01.2022. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кече без пилотник иштетиптир деп уктум буйурса кече туйруп алыптыр
28.01.2022. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер сабак алышынар керек жердин астында жылан кыймылдаса билишинер керек Бир жума мурда айткан окоп казыптыр деп тиктокто силер журдунор акындарды тинтип
28.01.2022. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба, сабак алып ушу менен болду тынчып калышат. Кайдагы жомокту айтасыңар да блиин...
28.01.2022. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канчанчы жолу суйлошуу, канчанчы жолку кайталануу?
28.01.2022. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи биз сабак алып ардайым даяр турушубуз керек, Баткенге өзгөчө статус беришибиз керек. Делимитизация, демаркация иштерин эртереек жүргүзүп чекараны чечишибиз керек. Тажиктерге эч ишенип болбойт
29.01.2022. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай сөздөрдү айтпаш керек, Ворухту алмаштырып алабыз дегенде согуш чыкты, байрактар келди дегенде тополоң болду, эми дагы сабак албадыңарбы чоңдор! Сүйлөгөндө этияттап сүйлөгүлө! Биздин блогер сымалдарыбыз лайк үчүн интернетке чыгырат ар бир сөзүңөрдү! Бүгүн Ворухта тажиктердин тиктогунан көрдүм 7- 8 үй талкаланыптыр жашоого жараксыз, скорый машина жарактан чыккан шофёр жагы кан, бир машина күйүп кетиптир!
29.01.2022. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биз былтыркы согушта сабак алдык. Дрондорду, бронемашина алдык.
Эми жооп бердик. Алар экинчи жолу согуш ачыш үчүн ойлонушат же чоң күч алып келет. Бирок дагы айрыйт биздин армия.
Биз ооруканаларда турабыз даяр болуп жиберип калса бизди дагы.
29.01.2022. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Негатив жазбагыла туугандар. Чынында дрондор иштеген окшойт, тажиктердин сайттарында сүрөттөрдү карасаңар, эч мындай сүрөт чыгарышкан эмес эле.
29.01.2022. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алар жарадарларын же каза болгондорун да жашырышкан. Эми ачыктап айтышыптыр. Мурун тажиктердин аймагында үй же башка нерселер жарылып күйгөн эмес, бул жолу көп урон алышкан окшойт.
29.01.2022. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ташиев дооруй берет, тан калбагыла. Колхоздун иши колхоз. Тажиктер сабак албай эле 1 жылдан бери тынымсыз чыр чыгарып келет. Коросунор, 1-2 ай отуп отпой кайра чыр баштайт тажиктер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: