super.kg logo

Көк-Таштагы атышуу: Жаракат алгандардын биринин көзүнө операция жасалат

 

Кечээ, 27-январда Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алган жарандардын биринин көзүнө операция жасалат. Бул тууралуу Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Абдулаким Абдуллаев билдирди.

"Жалпы 14 жаран ооруканада. Алардын абалдары жакшы. Бирөөсү көзүнөн жаракат алган. Ага Бишкектеги дарыгерлердин жардамы керек болуп жатат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери келип, азыр ошол жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Буюрса, бүгүн же эртең Бишкекке жөнөтөбүз. Калгандарынын бардыгына өз убагында жардам көрсөтүлдү", - деди Абдуллаев.

Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.

28-январга караган түнү саат 00:20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.

Ок атышуунун кесепетинен 14 Кыргыз жараны жабыркады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.01.2022. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байрактар менен аткылада сволоч гнидаларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: