super.kg logo

Көк-Таштагы атышуу: 10 миңге чукул жаран үйлөрүнө кайтышты (фото)

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам коопсуз жайга эвакуацияланган жарандардын ичинен 9 миң 880 жаран үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Баткен облусундагы абалга байланыштуу кооптуу аймакка жакын жайгашкан айылдардан эвакуациялангандардын 9 миң 880и туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүдө. Жарандарды кайра көчүрүү иши ӨКМнын Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары жана Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары тарабынан жарандарды туруктуу жерине жайгаштыруу иши жүргүзүлүүдө. Жарандар өзүлөрүнүн менчик унаалары менен да үйлөрүнө кайтып жатышат", - деп билдиришти ӨКМдан.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 11 миң 52 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 миң 410 адам туугандарынын үйлөрүнө, 642 адам жарандарды коопсуз жайга жайгаштыруу максатында даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган.

Баткен облусундагы абалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларды жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев координациялоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
28.01.2022. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Байкуш чек арада жашаган туугандарга кыйын болду,ары суйролуп бери суйролуп,тынчтык жашоо жок.Мындай нерсе кайталана берсе алар да уйлорун сатып кетип калышат эми
29.01.2022. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин үйүмө дагы качып келгендер кайра кетишти!
29.01.2022. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай жетекчилерге ыйман берип чек праны тез Арада чечкенге аракет кылышсын
29.01.2022. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынан да батып кетти жаныма.
Өз жеримде, өз үйүмдөн качканым.
29.01.2022. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адаханды чекарага аркандап коюш керек.ызы чуу болсо токтотуп турат.жерди бергенди билгенден кийин,кайтарганды дагы билиш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: