super.kg logo

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде бир катар токтом долбоорлор каралды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча маалыматты угушту, андан соң бир катар чечимдерин карап чыгып жактырышты.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин мүчөлөрү "Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө", адал индустриясы жөнүндө жана "Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин бекитүү жөнүндө" министрлер кабинетинин токтом долбоорлорун карап, жактырды.

"Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана "Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Жашыл шаарлар 2, Терезе 2" Алкактык программасынын "Бишкек автобустары" долбоору) ратификациялоо тууралуу" министрлер кабинетинин чечиминин долбоору жактырылды.

Мындан тышкары, "2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин токтом долбоору жактырылды.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кароого киргизилген бир катар ченемдик-укуктук актылар тар ведомстволук мүнөзгө ээ экендигин белгилеп, министрлик жана ведомство жетекчилерин кеңешмеге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийиштүү жана Министрлер Кабинетинин жалпы курамынын жактыруусун талап кылган маанилүү маселелерди гана киргизүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: