super.kg logo

ИИМ: "Баткенде абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат"

 

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук абалды көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБинин жана Согди облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат айылында Сада, Кулуңду айылдары менен Гафуров районунун айылдары менен чектешкен аймактарында биргелешкен кайгуулдар уюштурулуп, милиция кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

"Ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо максатында чек арага чектеш Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай-Ворух, Бакай, Ак-Сай-Развилка аймактарында тосмо-посттору коюлуп, аталган айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ал эми Баткен ОИИБинин Жол коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери атайын түзүлгөн багыттар менен күнү-түнү кайгуул жүргүзүлүп жатат. Биргелешкен кайгуул кырдаалды турукташтыруу, чек арага чектеш аймактарда ар кандай укук бузууларды болтурбоо, бирдиктүү күч-аракеттер менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомдук тартипти сактоону көзөмөлдөө, эки элдин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулукту болтурбоо максатында иштерди колго алышууда.

Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Түнкү абал тынч, эч кандай терс көрүнүшсүз өттү", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.01.2022. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылмыш иши козголуптур, аны кимге козгодуңар? Же тажиктергеби?))
29.01.2022. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Агалар брон желет кийишти бекен,тажиктерге ишениш жок.
29.01.2022. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тиги тажиктерге жук ташыган иттерге мекен чыккынчысы деген наам берип камаш керек иттерди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: