super.kg logo

Ирригациялык тутумдарды оңдоо иштерине 1 миллиард сом бөлүндү

 

Республиканын эгемендүүлүк тарыхында алгач ирет ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул каражаттар ирригациялык тармактарды оңдоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө жумшалат.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келген.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 1,9 миллиард сом бөлүндү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна дан жана башка керектүү продукцияларды сатып алуу үчүн каражат бөлүнгөн.

Үрөнчүлүк чарбаларын жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1 миллион 534 миң сом бөлүндү.

Президенттин тапшырмасы боюнча жогорудагы чаралар өлкөнүн агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: