"Кыргыз командасынын спорттук кийими бүгүн жарыяланат". Министр сынга кабылган спорттук кийим тууралуу билдирүү жасады



Социалдык тармактарда кыргыз спортчусунун Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына кийип бара турган формасы сынга алынган.
Бул боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
"Талкууланып жаткан спорттук кийим кышкы Олимпиада оюндарындагы Кыргыз өлкөсүнүн расмий спорттук кийими эмес, жөн гана машыгуу учурунда кие турган кийими. Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарындагы Кыргыз командасынын расмий спорттук кийимин Олимпиада комитети бүгүн жарыялайт", - деп жазды министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
1

Ал эми бул кийим да отстой. Министрликте бут неадекватный тупойлор отурганынын далили бул.