super.kg logo

Ош облусунун айыл өкмөт башчыларына бир катар тапшырмалар берилди

 
29-январь күнү Ош облусунда 2022-жылы аткарылуучу жумуштарды талкуулаган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, район жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты. Жыйында облус башчысы сөз сүйлөп, айыл өкмөт башчыларына бир катар тапшырмаларды берди.
Берилген тапшырмалар:
  • Март айына чейин арык жана каналдарды тазалоо;
  • Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү;
  • Тез арада айыл өкмөт мекемелерин санариптештирүү;
  • Мал-жандыкты идентификациядан өткөрүү маселеси;
  • Инвестиция тартуу жана Инвесторлорго шарт түзүү;
  • Ишкерлерди колдоо жана ишкерлерге шарт түзүү;
  • Айылдагы көйгөйлөрдү чечүү жана жарандар менен тыгыз иштешүү;
  • Жумушка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу;
  • Жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн ыкчам жана жеринде чечүү.
Ошондой эле Ош облусунун башчысы айыл өкмөт башчылары жана айыл өкмөттөгү кызматкерлер жарандар менен иш алып барууну, элдин көйгөйүн жеринде чечүү керектигин айтты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: