super.kg logo

Маданият министрлиги: "Ысык-Көлдөгү саймалуу таштарды сактоо иштери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан аткарылбай келет"

 
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун иш сапары Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейи жана Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки тоо этегинде жайгашкан ачык асман алдындагы саймалуу таштар менен таанышуу менен уланды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Азыркы учурда бул аймактарга калктуу конуштар түшүп, сарай фермалар курулуп, эстеликтердин жер тилкелери туура эмес пайдаланылып, бузулуп жаткандыгы белгилүү болду.
Министрлик жергиликтүү бийлик органдарына бул эстеликтерди сактоо жана эстеликтердин жер тилкелерин Мамлекеттик музейлердин балансына өткөрүп берүү боюнча бир нече кайрылууну берген. Бирок ушул күнгө чейин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылбай келет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-июнундагы “Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан ачык асман алдындагы саймалуу таштар/петроглифтердин абалы жөнүндө” токтомун толук ишке ашыруу зарылдыгын белгиленип, зарыл болгон комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу керектиги айтылды.
Ошондой эле бул эстеликтерди ачык асман алдындагы музей катары пайдалануу менен туризмдин жаңы объектиси катары толук колдонууга шарт түзсө боло тургандыгы кошумчаланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: