super.kg logo

"Түндүк электр" ишканасы карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрөт

 

Бүгүн, 31-январдан тарта "Түндүк электр" ААКсы 2 200 абоненттин жарыгын аралыктан өчүрө баштайт. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалпы дебитордук карыз 12 миллион 500 миң сомду түзөт.

Эске салсак, абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү терминал аркылуу төлөй алышат. Ошондой эле "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу режимде кабыл алат.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: