super.kg logo

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоев коомчулукка кайрылуу жасады

 

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Жокоев коомчулукка кайрылуу жасады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда мекеме башчы коомчулук менен түз иш алып баруу үчүн социалдык тармакка катталганын айткан.

"Эгерде сиздерде кандайдыр бир сунуш-пикир же арыз-даттануу болсо, мисалы: биздин кызматкерлер тарабынан кандайдыр бир коррупциялык иштерди жасаганына күбө болуп калсаңыздар, бизге маалымдасаңыздар болот. Бүгүнкү күндө өлкөнүн өнүгүшү ар бир жарандан көз каранды. Андыктан сиздер менен биргеликте мыйзамсыз иштердин алдын алып, токтотууга эркибиз жетет.

Фейсбук жана башка социалдык түйүндөрдөн жазган сиздердин кайрылууңуздар эч качан көз жаздымда калбайт. Мен баарын окуп, кайрылуулардын мазмунуна жараша борбордук аппараттын жетекчилерине, аймактык башчыларга, деги эле бизге тиешелүү Авто-ЦОНдорго көз салып турам. Кайрылууларга сөзсүз жооп аласыздар, жооп эле эмес, маселеңиздерди чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

Ошондуктан "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан айдоочулук күбөлүк берүүдө же транспорт каражаттарын каттоо учурунда кандайдыр бир мыйзамсыз иштер же болбосо орой мамиле жасалса, дароо бизге кайрылыңыздар. Сиздер тараптан келген далилдүү маалыматтарга кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.01.2022. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец, эркек экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: