super.kg logo

Акылбек Жапаров Бишкекке жаңы алынып келген автобус менен таанышты (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектин бир катар ишканаларын кыдырып, "Минск автомобиль заводу" ачык акционердик коому тарабынан сыноо мөөнөтү үчүн жиберилген беларусь өндүрүшүндөгү жаңы жүргүнчү ташуучу автобусунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасына бул автобус шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталганын билдирди. Анын өзгөчөлүгү катары майыптык коляска үчүн туткасы бар бүктөлүүчү тепкич, жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүүнү жеңилдетүү үчүн «Книлинг» жантайыңкы кузов тутуму, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн тиешелүү шаймандарды бекитүү үчүн жабдуулар каралган", - деп жазылат билдирүүдө.

Акылбек Жапаров ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына барып, андагы автобустар паркынын абалы менен таанышты.

Маалым болгондой, автопарктын балансында 476 транспорт бар, ал эми 300дөн ашуун авобус бузулгандыгына байланыштуу эсептен чыгарылууга тийиш.

"Шаарда бардык нерсе жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн каралышы керек. Автобус паркын толугу менен жаңылап, шаардын бардык ички көчөлөрүн оңдоо зарыл. Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн жана аллеялардын абалына өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле таштандыларды иргөөчү заводдун курулушун тездетүү зарыл", - деп белгилеген Акылбек Жапаров.

Андан соң Акылбек Жапаров Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бакчага барды. Анда ботаникалык бакчанын иши тууралуу бет ачар сунушталып, актуалдуу көйгөйлөрү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: