super.kg logo

Баткенде 6 күн бою дайынсыз болгон өспүрүм кыз Ош шаарынан табылды

 
Баткенде дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм кыз Ош шаарынан табылды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришет.
Маалым болгондой, Баткен районунунда "Селсаяк" иш-чарасы өткөрүлүп, базарларда, соода түйүндөрүндө тилемчилик кылып жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо максатында иликтөө иш-чаралары өткөрүлдү. Иш-чарага жергиликтүү айыл аймактардын өкүлдөрү, социалдык коргоо жана билим берүү органдарынын кызматкерлери, үй-бүлө жана балдарды колдоо комиссиясы милиция кызматкерлери менен кошо район аймагындагы кароосуз калган имараттар, эч ким жашабай калган жайлар толугу менен текшерилип чыкты.
"Жалпысынан 91 дүкөн жана компьютердик клубдар текшерилип, саат 22:00дөн баштап көчөдө жалгыз жүргөн 23 өспүрүм аныкталып кармалды. Аларга 102-беренеси (ата-энелик милдеттерден качуу) менен протоколдор толтурулду жана ата-энелерге 2 сунуш жиберилди.
Ошондой эле 2022-жылдын 21-январь күнү үйүнөн чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан Чоң-Гара айылынын 12 жаштагы тургуну Ж.А. Ош шаарынан аныкталды. 27-январда Баткен шаарына алып келинип, милиция кызматкерлери тарабынан ата-энесине өткөрүлүп берилди", - дешти маалымат кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: